• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак-Суу районунун жолдорунда кар күрткүсү жана унаа тыгындары пайда болду

11 Үчтүн айы 202316:53 Бишкек Govori.TV

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ак-Суу районунун Советское, Соколовка жана Ак-Булуң айылдарына жакын жайгашкан жолдордо кар күрткүсү пайда болуп, унаа тыгындары жаралды.

Жолдорду тазалоого көрүлгөн чараларга карабастан, бороон тазаланган жолдорду кайрадан эле карга толтуруп жатканын Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство айдоочуларды өтө зарылчылык болбосо, белгиленген маршрут боюнча жана калктуу конуштардан тышкары жүрүүдөн баш тартууга чакырат.

Количество просмотров: 314