• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ак-Талаада бала бакчанын имараты жана жер аянты мамлекетке кайтарылды

1 Бирдин айы 2023 16:42 Бишкек Govori.TV

Ак-Талаада бала бакчанын имараты жана жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Алтын Муун-Наристе» бала-бакчанын имараты айыл өкмөттүн карамагына алынбай, ээсиз мүлк катары тургандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук талап келтирилип, баасы 3 млн 740 миң сомду түзгөн бала-бакчанын 463,76 чарчы метр имараты жана 0,26 га жер аянты Баетов айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 583