• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 180 жүк ташуучу унаа кезекте турат

22 Бирдин айы 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде ушул тапта 180дей жүк ташыган унаа кезекте турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 60тай машина жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат.

Чек ара кызматы жүк ташыган машинелер Казакстанга»Кең-Булуң» өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.

Количество просмотров: 119