«Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма соз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июль саат 11:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 120га жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат.
Чек ара кызматы белгилегендей, аталган бекетте унаалардын топтолушу жүк ташуулардын көбөйгөнү менен байланыштуу.
«Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек жок. Бош бара жаткан жүк ташуучу унаалар Казакстанга «Кең-Булуң» бекети аркылуу чыгып кете алышат»,-деп айтылат маалыматта.