• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Ак-Тилекте» 70тей жүк ташыган унаа кезекте турат

13 Үчтүн айы 202215:42 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-январда Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 13-январга карата 70тей жүк ташыган машине кезекте турат. Башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок.

«Ак-Тилекте» автоунаалардын тыгыны 11-январда байкалган. Чек ара кызматы аны майрамдардан кийинки жүк ташуунун көбөйгөнү жана Казакстандын аймагындагы текшерүү менен негиздеген.

Количество просмотров: 98