• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду

7 Кулжа 2022 12:34 Бишкек Govori.TV

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Замир Молдошев каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынын экс-төрагасы генерал-майор Замир Молдошев 69 жашында дүйнөдөн кайтты. 

Молдошев 1953-жылы 25-сентябрда Кыргыз ССРдин Ош облусунун (азыркы Жалал-Абад облусу) Сузак районунун Октябрьское айылында төрөлгөн.

Аскердик карьерасын 1971-жылы Самарканддагы Жогорку аскердик танкалык училищесине тапшыруу менен баштаган. Молдошев 1986-жылы Бронетанкалык аскерликтер аскердик академиясын, 2000-жылы Орусиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскердик академиясын аяктаган.

Молдошев Замир Мурзабекович взводдун командиринен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасына чейинки жетекчилик кызмат орундарын аркалаган. 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын жүрүшүндө көрсөткөн жеке эрдиги жана билгичтик менен башкаргандыгы үчүн Молдошев “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Количество просмотров: 2399