• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Өзбекстанга өтүп кеткен 10 баш жылкы кайтарылды

19 Жетинин айы 202114:56 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун чек арачылары Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен 10 баш жылкыны кайтарып келишти. Бул тууралуу  УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Сузактагы Арал айылынын тургуну Ш.К. 17-ноябрда чек арачыларга кайрылып, жардам сураган. Анын айтымында, 14-ноябрда бир аз убакыт кароосуз калган жылкылардын үйүрү Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 10 баш жылкы баласы ээсине кайтарылды.

Количество просмотров: 159