• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстандын Чек ара кызматынын мурдагы башчысы кармалды

23 Кулжа 2022 15:49 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине (УКК) караштуу Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Дархан Дильманов жана мекеменин бир нече экс-жетекчилери кармалды. Бул тууралуу 22-июнда УККнын басма сөз кызматы кабарлады.

«22-июнда Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн сотко чейинки тергөөнүн жүрүшүндө казак-кытай чек арасындагы кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча УКК төрагасынын орун басары – Чек ара кызматынын экс-башчысы Дильманов Д.А, Жол кайгуул кызматынын Алматы облусундагы “Нур Жолы” көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Н. Арысбаев жана башка кызматкерлер кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Дархан Дильманов УКК төрагасынын орун басары, Чек ара кызматынын башчысы кызматынан быйыл апрелде бошотулган. Бул кызматка ал 2015-жылы дайындалган. 1998-2015-жылдары Дильманов Чек ара кызматында түрдүү жетектөөчү кызматтарда иштеген.

2020-жылы президенттин жарлыгы менен ага генерал-лейтенант наамы ыйгарылган.

Казак-кытай чек арасындагы бажыда түрдүү тоскоолдуктардан улам жүк ташуучу унаалардын тыгыны байма-бай катталып турат. Соодагерлер чек арадан өтүү оор экенине даттанып келишет.

Eurasianet басылмасынын маалыматына караганда, казак бажычылары Кытай менен чек арадагы ыктымал коррупциядан улам Казакстандын бюджетине он миллиарддаган доллар түшпөй калып жатканын мойундарына алышат.

Январь окуяларынан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев казак-кытай чек арасындагы аткезчилик менен жемкорлукка көңүл буруп, бул маселени жоюуну тапшырган.

Май айында Казакстандын Башкы прокуратурасы товарларды бажыда декларациялоодо көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, бажы төлөмдөрү төлөнбөгөндүктөн жана товарлар туура эмес декларациялангандыктан, өлкө бюджетине 165 миллиард теңге зыян келтирилген. Мыйзам бузууга барган делген компаниялардын арасында түптөөчүсү катары Анипа Назарбаева көрсөтүлгөн Group Of The Companies Tda аттуу транспорттук фирма да болгон. Анипа Назарбаеванын жеке маалыматтары өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганыныкына туура келет.

Мындан тышкары өлкөгө кирген товарлар боюнча Казакстан менен Кытайдын ортосундагы маалыматтарда да айырмачылыктар бар экени аныкталган. Казакстандын Эсеп палатасынын маалыматына караганда, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ортодогу айырмачылык 5,7 миллиард долларды түзсө, акыркы үч жылдын ичинде бул көрсөткүч 17 миллиард доллардан ашкан.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 192