• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акаев: Бийлик иликтөөчү журналисттерди куугунтуктагандын ордуна колдошу керек

27 Чын куран 2022 15:48 Бишкек Govori.TV

Бийлик иликтөөчү журналисттерди куугунтуктагандын ордуна колдошу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын лидери Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн өлкөлөрдө коррупциялык иштерди ашкере кылып, мамлекеттин бюджетине пайда алып келгени үчүн журналисттерге кадимкидей сый акы берилет.

«Бизде тескерисинче иликтөөчү журналисттер бир маселени алып чыкса, бийлик менен мамлекеттик органдар «Ал эмнеден келип чыкты?», «Кайсы жерин өзгөртүү керек?» деп ойлонуунун ордуна «Эмне үчүн чыгарып жатышат, артында бирөө турабы?» деп шек саноо менен карап жатышат. Иликтөөчү журналисттерди бийлик туура пайдаланыш керек. Алар жемкорлукка байланыштуу схемаларды ачып, чындап коррупция менен күрөшөм деген ниети болсо, куугунтуктагандын ордуна колдоо зарыл. Ошондо адилетүүлүккө элде үмүт пайда болот. Көйгөйдү чыгарышса өлкө башчы баш болуп аларга акараат келтирген туура эмес. Президент жакшы көргөндөр менен жаман көргөндөрдүн дагы ажосу. Өлкө башчы Баш мыйзамдын кепили. Мамлекет башчы кайсы бир журналисттин атын атаса соттор менен прокурорлорго кудай берди деген сөз. Президенттин оозунан чыккан сөздөн соң күч органдары, сот, прокуратуранын мамилеси журналистке жаман жагынан өзгөрөт. Өлкө башчысына бир тараптуу маалымат берип жатышат. Ушул жерде отурган көпчүлүк депутаттарга караганда иликтөөчү журналисттерге элдин көбү кайрылат. Адилет менен акыйкаттыкты ошолордон көбүрөөк күтөт. Журналисттерди кодулагандын ордуна алардын пикирин уккан маанилүү. Эгерде алар туура эмес иш жасаса колдобош керек. Бирок кашкайган чындыкты далилдер менен көргөзүп жаткан учурда президент, сот, прокурор баш болуп колдоого алыш керек»,-деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 76