• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акаев: Бийликти өз колум менен өткөрүп берсем анда менде өкүнүч болбойт эле

28 Чын куран 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Аскар Акаев “Автор ТВ” каналына маек куруп, кызматта турган маалдагы ишмердиги, үй-бүлөөсүнүн бийликтеги орду жана башка маселелер тууралуу суроолорго жооп берип, өз пикирн айтты.

Ал 2005-жылы бийликти конституциялык жол менен өткөрүп бербегенине өкүнөрүн айткан.

“2005-жылы конституциялык жол менен кийинки президентти шайлатып, бийликти өз колум менен өткөрүп берсем анда менде өкүнүч болбойт эле. Катасыз чоң иш бүтпөйт, менде каталар да болду. Бирок, тең салмактап келгенде мен Кыргызстан үчүн көп эле пайдалуу иштерди жасадым. Саясий авантюристтер эркин шайлоодон президент шайлана албасына көздөрү жеткендиктен, 2005-жылдын март айында, мен кетерге жарым жыл калганда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, күч менен бийликти алышты. Ошонун терс кесепети бүгүнкү күнгө чейин уланууда”, — деген ал.

Эске салсак, Акаев 2005-жылы март ыңкылабынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда үй-бүлөөсү менен Москвада жашап келет.

Количество просмотров: 741