Бир жылда эле 12 келин өз өмүрүнө кол салган. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтты.
Акаев Лейлектин Жаңы-Жер, Андарак айылдарындагы көйгөйдү көтөрүп төмөндөгүлөргө токтолду.
«Айылдыктар «жер тилкенин баасы Бишкектегиден кымбат, эмне кылышты билбей калдык» деп жатат. Андарак айылында келин-кесек, кайната-кайненеси баары чогуу, бир үйдө 6-7 үй-бүлө жашап жатышыптыр. Үрөй учурган статистиканы айтып коёюн, соңку бир жылда 12 келин өз өмүрүнө кол салыптыр. Үчөөнү сактап калышкан, тогузу каза болуптур. Уксус ичиптир, асынып алыптыр. Бир үйдө 6-7 үй-бүлө жашагандыктан. Андарак кароосуз калып жатат «, — деди Акаев.