• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акаев: Болду жетишет, камалбаган министр, акчалуу адам калбайт окшойт Кыргызстанда

29 Аяк оона 2022 12:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Жанар Акаев Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу маселе көтөрүп, өз пикирин айтты.

«Кыргыз коомчулугунда чоң, резонанстуу иш болду. Мен Министрлер кабинетине кайрылайын деп жатам. Эгер кайсы бир министр пара талап кылып, акча алган болсо ал жазасын алышы керек. Бирок видеого тартып, музыка коштоп, бизнесмендерди, министрлерди кармаганды качан токтотобуз? Билим берүү министри пара менен кармалган күндө дагы мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болушу керек да. Бүгүн эртең менен миниистрдин колун кайрып кармап кеткенин көргөн миңдеген мугалимдин маанайы түштү. Пара алган, акча алган күндө дагы, аны чакырып туруп, аны видеого тартып, музыка коштоп шоу кылып чыгарбай эле «ката кетирдиң, жумушуңдан кет» десе болот эле да. Ошол мугалимдер шалдайып отуруп калды, алар азыр кантип барып балдарга акыл үйрөтөт?»,-деди депутат.

Количество просмотров: 126