• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акаев: Добуш берүүгө депутаттарды колу-бутун кайрып алып келишти

11 Жалган куран 2021 14:58 Бишкек Govori.TV

Добуш берүүгө депутаттарды колу-бутун кайрып алып келишти. Мындай пикирин ЖК депутаты Жанарбек Акаев билдирди.

«Ушул жерде мына бир дагы мыйзам долбоору кабыл алынып жатканда, бюджет каралып жатканда, өкмөттүн отчёту болуп жатканда мынча депутат келбейт. Бүт баарынын колу-бутун кайрып алып келишти. Мына бул жерден кечээ бир депутат каршы берем деп жаткан, атын айтпай эле коёюн. Түнү менен бийлик, күч органдары ага дагы телефон чалышып, “сенин туугандарың ушул кызматтарда иштейт, алардын баарын кызматтан алабыз” деп репрессивдик түрдө ушинтип коркутуп алышты. Бүт мына бизнеси жок, тууган-уругу мамлекеттик кызматта иштебеген гана депутаттар калдык. Баш мыйзамды колдоп бергиле, 80дан ашпай калса уят болобуз, орусча айтканда провал болгону калды деп жатышты», — деди Акаев.

Жогорку Кеңеш Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамды бүгүн, 11-мартта экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы деген добушун беришти.

Количество просмотров: 411