• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Акаев: Медкызматкерлердин кенемтесин төлөөгө мүмкүнчүлүк бар

21 Чын куран 2021 17:21 Бишкек Govori.TV

Медкызматкерлердин кенемтесин төлөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, ашыкча чыгымдарды кыскартып медкызматкерлердин кенемтесин төлөсө болот.

«Дарыгерлердин нааразычылык акциясына чыгып жатканы туура. Себеби бүгүнкү күнгө дейре убадаланган кенемтелерин алышкан жок. Албетте, айлык маяналарын көтөрүү керек. Бирок өкмөттүн бюджетте акча жок деген бир эле шылтоосу бар. Бизде коронавирус менен адам өмүрүнөн башка маанилүү маселе жок. Башка тармактардагы ашыкча чыгымдарды кыскартып, медкызматкерлердин кенемтесин төлөөгө мүмкүнчүлүктөр бар»,-деди Акаев.

Эске салсак, 16-апрелде Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканалардын дарыгерлери тынчтык митингине чыгышкан. Дарыгерлер убада кылынган 200 миң сом кенемтени төлөп берүүнү, эмгек акыны 100% көтөрүүнү талап кылышкан. Алардын айтымында, айлык акынын көтөрүлүшү тууралуу билдирүүлөр айтылганы менен, иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн эмес. Ошондой эле медициналык кызматкерлерди коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышкан.

Количество просмотров: 244