• Бейшемби 4 Жалган куран 2021

Акаев: Министрликтердин санын кыскартып коюуну реформа деп атоо эрте

3 февраля 2021 в 12:07 Бишкек Govori.TV

Депутат Жанарбек Акаев элдин жаңы түзүлүп жаткан өкмөткө үмүтү мурдагы өкмөттөргө караганда өтө чоң экенин белгилеп, сунуш кылынган жаңы курамга карата элде нааразылык бар экенин билдирди.

Акаев Мариповго кайрылып, министрликтердин санын кыскартып коюуну реформа деп атоо эрте экенин айтты:

“10 премьер-министрге кылмыш иши козголуптур, беш премьер-министр түрмөдө отурат. Сиз ошондой өкмөт башчылардын катарын толуктабастан, реформатор, күчтүү премьер-министр болот деп баарыбыз үмүт кылабыз. Чынын айтыш керек, коомчулук азыркы өкмөттүн составын бир кылка кабыл алган жок. Составга болгон нааразылык элде көп. Министрликтердин санын кыскартуу – бул реформа эмес. Силер текшерүүчүлөрдү, салыктын түрлөрүн, бюрократияны кыскартканда, мына ошону реформа деп атайт. Айылдарда элибиз өзгөчө президенттик шайлоодон кийин керемет болушун күтүп жатат. Мурдагы өкмөттөргө салыштырганда абдан чоң үмүт, ишеним кредити силерде”.

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жатат.

Количество просмотров: 18