Буга чейин Бишкектеги мектептердин биринде окуучунун энеси класска кирип барып, мугалимди окуучулардын көзүнчө кемсинткен чыр-чатак социалдык тармактарга тарап кеткен. Бул окуяны Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жеке көзөмөлгө алган. Окуучулардын көзүнчө басмырланган шаардагы №57-мектепте иштеген мугалим ишинен бошоп кеткени белгилүү болгон.
Ал эми мугалимдин кадыр-баркына доо кетирген аялга карата милиция протокол түзгөнү белгилүү болгон.
Бүгүн, 13-ноябрда ЖК депутаты Жанарбек Акаев жалпы жыйынды бул окуя тууралуу сөз кылып, ал аялга 1000 сом айып салынганын сынга алды.
Депутаттын айтымында, мугалимди урушкан аялдын жузүн ачыктап, жалпы коомчулуктун алдында кечирим суратуу керек болчу.