• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акаев: Ширшовдун окуясы коррупцияга каршы күрөшкө көө жапты

11 Бугу 2022 10:42 Бишкек Govori.TV

10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун үй камагына чыгарылган. Ал коррупцияга шектелип 10-майда кармалганын УКМК билдирген.

Бул маселе тууралуу ЖКнын жалпы жыйынында да сөз болуп, депутат Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына чыгуусун сынга алды.

“Ширшов деген фамилия “коррупциялык схема” деген сөздүн синоними, ал Интерполдун издөөсүндө болгонуна карабай, Кыргызстанга кенен кесири кирип жүргөн. 28-апрелде Чек ара кызматына кат жөнөтүп, анын өлкөгө канча жолу кирип чыкканын сурадым. Эмнеге ал суракка чакырылган жок? Мына ушундай энергетикалык коррупциялык схеманын түзүүчүсү жарым күн камалып кайра коё берилди. Эмне коррупция менен күрөш ушулбу. “Ширшовдун схемасы” кайра иштеп баштадыбы Кыргызстанда. Ширшовдун өлкөгө кирип чыкканы боюнча суроолорго Чек ара кызматы жооп бербей жашырат, ортого адам салышат мындай болбош керек. Азыркы коррупция менен күрөшкө бул окуя көө жапты”, — деди Акаев.

Количество просмотров: 167