Бүгүн, 15-декабрда Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Атайын кызматка сурак берип чыкты. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.
Акаев «Кумтөр» иши боюнча козголгон кылмыш ишинде көрсөтмө берди. Азырынча өлкөдөн качан кетери белгисиз, дагы суракка чакырылышы мүмкүн экени айтылды.
Кошумчалай кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанга 14-декабрда келген.