• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Майдан: Акаев, Бакиев… Качкын президенттер кайра талкууда

23 Бугу 2023 18:16 Бишкек Govori.TV

2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келиши коомчулукта талкуу жаратууда. Илимдер Акамдемиясы менен Политехникалык университет Акаевдин лекциясы тууралуу кабарды четке какты. Ал эми билим берүү министри Каныбек Иманалиев үч окуу жайда белгиленген лекциялар болбой турганын айтты.

Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында көтөрүлүп, айрым депутаттар студенттердин нааразы кылып, лекцияга уруксат берген жетекчилерге чара көрүүнү талап кылышты.

Буга чейин айрым студенттер Аскар Акаевдин лекциясына каршы болуп, ректоратка кайрылышкан.
Белгилей кетсек, Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. Ага 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча бир нече айып тагылып, кийин кылмыш иши токтотулган.

Ошол эле учурда бозгун президент Курманбек Бакиевдин жаңы маеги кызуу талкууга жем таштап, нааразы пикирлерди жаратууда. 20-майда Таласта ошол курултайдын делегаттары жыйынга чогулуп, Кошалиевдин төрагалыктан кетишин талап кылышса, апрелчилер мурдагы президенттердин келишине каршы бийликке кайрылуу жолдошту.

«Акаев, Бакиев… Качкын президенттер кайра талкууда» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

Алмаз Тажибай-Саясат талдоочу;

Шаирбек Маматокторов-коомдук ишмер;

Эржан Сулайман- укук коргоочу;

Айбек Теңизбаев- Саясат талдоочу.

Количество просмотров: 1993