• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акаев Жамгырчиев боюнча: Фракция үчүн абдан ыңгайсыз жана өкүнүчтүү учур болуп жатат

10 Үчтүн айы 2024 13:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-январда депутат Жанар Акаев «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин айланасындагы окуя боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип, фракция үчүн абдан ыңгайсыз жана өкүнүчтүү учур болуп жататканын айтты.

«Бизге абдан күтүүсүз окуя болду. Азыр бир нерсе айтыш дагы кыйын. Буга чейин Эмил Жамгырчиев менен жолугуп, «эгерде сизге кандайдыр бир саясий куугунтук болуп жатса сизди фракциябыз менен коргогонго даярбыз!» деп айткам. Ал эми өзү бул ишти саясатка аралаштырбагыла деп айтып калды. Буга чейин Жамгырчиевдин үйүнөн үн, видео жаздыруучу аппараттар табылды деп ушул жерден сөз сүйлөп, ал үчүн УКМКда 4 саат сурак берип чыккам. Анда дагы далилденбей калып, кичине уят болгон учурлар болгон»,-деди Акаев.

Акаев учурда Жамгырчиев менен байланышуу такыр мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия “Альянс” фракциясынан депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

Кийин ЖМКлар Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев тергөөчүлөрдөн качып кеткенин жазып чыгышкан. Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан.

«Азаттык» жарыялаган видео материалда Жамгырчиев өзүн кармаганы келишкенин айткан.

Мунун алдында Жамгырчиев ЖМКларга маалымат жыйын өткөрөрүн билдирген, бирок ал белгисиз себептерден улам өткөн эмес. Ал эми депутаттын учурда каякта экени белгисиз болууда.

Количество просмотров: 207