• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Акаев: ЖМК мыйзамына каршы добуш берем

13 Бирдин айы 2024 11:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде каралды.

Эл өкүлү Жанар Акаев документти артка чакыртып алууну жана кайра иштеп чыгууну сунуштады.

«Мен бул мыйзам долбооруна каршы добуш берем, артка кайтарып жеткире иштеп чыгуу керек. Мисалы, түз эфирде айтылган сөз үчүн журналист же ЖМК жооп берет деп жазылып турат. Алар түз эфир учурунда ким, эмне деп сүйлөп жиберерин алдын ала кантип билишет?» — деди Жанар Акаев.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 83