• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

2 Кулжа 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан иликтөө жана ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында, 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен «Р.С.» аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылган.

«Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 97