• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Уюшкан кылмыштуу топтун Баха аттуу мүчөсү кармалды

7 Тогуздун айы 202417:35 Бишкек Govori.TV

ИИМдин кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп жатканда Баха аттуу жарандын ок атуучу курал сатууга аракеттенип жүргөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (ок атуучу куралды сактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 43 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну кармалган. Ал Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат (Талас облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү).

Өздүк тинтүү учурунда Э.Бнын жанынан номери өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм гашиш баңгизаты табылып, алынган.

КР Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Э.Б. аттуу жаран кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 428