• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акеров: Бир кыйкырып коюшпайбы… «Эл үмүтүн» кулактан сүйрөп келе жатканы билинип калды

3 Бештин айы 2021 11:07 Бишкек Govori.TV

«Эл үмүтү» партиясын кулактан сүйрөп келе жатканы билинип калды. Бул тууралуу саясий серепчи Табылды Акеров Govori.TVнын «Майдан» дебатында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, АСУлардан алынган маалыматтар жана кол менен саноонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, аталган партия 5 пайыздык босого чектен бир ашып, бир жетпей калып жатканы бүдөмүк ойлорду жаратат.

«Эки жолу көтөрүлүп, кайра түшүп жатпайбы, бир кыйкырып коюшпайбы «бизди түшүрүп жатат» деп. Айта да алышпайт, бизди эмне алып салдыңар деп. Башкаларга окшоп талашпайбы?», — деди ал.

Количество просмотров: 652