• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Аким: Кум-Мазарда кыргыз-тажик тараптан топтолгондор тарады

24 Теке 2021 13:07 Бишкек Govori.TV

Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин айтымында Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде тажик жарандарынын ишембилик кылып жатканына нааразы болуп кыргыз жарандары чогулган. Аким учурда жергиликтүү бийлик сүйлөшүү жүргүзүп, ишембилик токтотулуп, кыргыз жарандары дагы тарап кеткенин билдирди.

“Негизи бул жерлер аныктала элек аймактар. Ошол Кум-Мазар деген жерге тажик тараптын он бештей киши ишембиликке чыккан. Ал жер такталбаган аймак болгондуктан чек арачылар, жергиликтүү бийлик дагы жумуштарды токтотууну талап кылганбыз. Кийин жергиликтүү бийлик, чек арачылар сүйлөшүп, эки тарап тең тарады”, — деди Учкун Жоробаев.

Жоробаев буга чейин Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында 23-июлда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун кабарлаган. Андагы чырды учурда милиция териштирип жатат.

“Кечээ түнү саат 22-23төр чамасында түшүнбөстүктөр болуп, тажик тараптан бирин-экин киши топтолуп кыргыз тарапка таш атуулар болгон. Ок атуу боюнча азыр мен так айта албайм. Ички иштер бөлүмү жана чек арачылар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган”, — деди Учкун Жоробаев.

Жоробаев учурда абал тынч экенин билдирди. Кыргызстандын Чек ара кызматы окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат даярдалып жатканын кабарлады.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 199