• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Аким кылам деп, 9 миң 700 доллар алган. Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

16 Кулжа 2021 9:42 Бишкек Govori.TV

 Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү Октябрь райондук милициясына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда март айынын башында чала тааныш адам арыз ээсине Ош облусунун райондорунун бирине аким болууга жардам берем деп 9 миң 700 доллар каражатын алып, из жашырып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси «алдамчылык» менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Октябрь РИИБдин кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал 1958-жылы туулган О.А. экендиги аныкталды. Шектүү соттун чечими менен 2 айга СИЗО-1 абагына камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция шектүүнүн мындан башка дагы кылмыштарга тиешеси бар-жогун иликтеп жатат. Ага байланыштуу О.А.дан жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдар 0550 102 223 телефон номуру же «102» кызматы аркылуу укук коргоо органдарына кайрылса болот.

Количество просмотров: 1040