• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Акимдерди аттестациядан өткөрүү 11-марттан башталат

8 Жалган куран 2021 18:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Алгач аттестация Нарын облусунан башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Маматалиевдин айтымында, район башчыларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерет. Комиссия акимдер жана орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милиция, атайын кызмат жана бейөкмөт уюмдарынан алынган маалыматтар менен таанышып чагыт.

“Аттестацияны жүргүүзүү онлайн форматында болуп Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында илинет. Каалаган адамдар көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар”, — деди Маматалиев.

Количество просмотров: 116