Мамлекеттик кадр кызматы жергиликтүү администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрөт. Бул тууралуу кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аттестациялоо 2021-жылдын март айынан апрелине чейин үч этапта өтөт. Ар бир катышшуучу талапкерге мүнөздөмө чогултулуп, ага губернатордун колу коюлат. Экинчи этап — мыйзамдарды билүү деңгээли жана жеке сапаттарын текшерүү жана маектешүү.
«Акимдерди жана алардын орун басарларын дайындоо үчүн кадрдык резервди түзүү боюнча аттестация жана ачык сынак жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизинде жүргүзүлөт. Ошол эле учурда, райондордун акимдеринин жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна кадрлар резервин түзүү боюнча сынак жарыялайбыз. Каалоочулардан документтерди тапшыруу, экзамен тапшыруу жана аңгемелешүү талап кылынат. Бардыгын конкурстан өтүүгө чакырабыз. Сынактын бардыгы мекеменин сайтында чагылдырылат», — деди Абдырахман Маматалиев.
Маматалиев белгилегендей, эгерде буга чейин облус акими тууганчылыктын же бийлик өкүлдөрү менен тааныштыктын негизинде дайындалса, эми биринчи жолу дээрлик бардык жарандар үчүн ачык сынак өткөрүлөт.
«Албетте, талапкердин районду өнүктүрүү боюнча өзүнүн долбоору болсо жакшы болмок, бирок бул милдеттүү шарт эмес. Кадрлар тобун кеңейтип жатабыз. Мисалы, мындан ары акимдердин жана алардын орун басарларынын кызмат ордуна адамдар аймактык резервден гана дайындалат», — деп кошумчалады Абдырахман Маматалиев.