Акыркы 12 күн ичинде Кыргызстанда коронавирустун жогорку өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Акматова билдиргендей, бул коронавирус инфекциясынын төртүнчү толкунунан кабар берет.
“Акыркы үч күндө оорунун күнүмдүк өсүшү 30 пайызды түздү, бирок катталган учурлардын 60 пайызында оору жеңил жана симптомсуз өтүп жатат. “Омикрон” штаммынын эки учуру аныкталган бейтаптар дарыланууда, абалдары туруктуу”, — деди Акматова.