• Шаршемби 23 Аяк оона 2020

Акматова: 144 медикке бир жолку төлөнүүчү кенемтелер берилди

11 сентября 2020 в 11:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 144 медикке бир жолку төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр берилди. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 11-сентябрдагы брифингде билдирди.

“Өкмөттүн 4-майдагы буйругунун негизинде 144 медкызматкерге бир жолку төлөнүүчү 200 миң сом өлчөмүндөгү компенсациялык төлөмдөр берилди. Ошондой эле пандемия учурунда каза болгон медкызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон тапшырылды”, – деди Акматова.

Количество просмотров: 31