Бишкек. 18. 01. 2018. Govori.Tv
Астананын борборундагы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин резиденциясында кечээ түнү кырсык катталган. Тагыраагы, Porsche Cayenne авто-унаасы резиденциянын борбордук дарбазасын катуу сүзүп, аз жерден ичине кирип кете жаздаган. Бул тууралуу Tengrinews.kz. басылмасы жазып чыкты.
Кырсык болгон жерде дароо оперативдүү топ иштеп, унааны катуу ылдамдыкта айдап башкара албай калган шаардык жол-көзөмөл полициясынын атайын батальонунун ага лейтенанты Е. Иманбеков экенин тастыкташкан. Бүгүн болсо ал полиция кызматкери жана анын командири полициянын капитаны Г. Джумахметов кызматынан алынганы белгилүү болду.