• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Акпай көлү жырылып, жашоочулар коопсуз жайга көчүрүлдү

2 Баш оона 2021 14:39 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районундагы Акпай бийик тоолуу көлү жырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Сокулук районунда жайгашкан Акпай коктусунан тоо көлүнүн жырылуусунан сел жүрүп, Сокулук-Төш-Булак-шаркыратма жолунун 37 чакырымында 400 метр жолду жаап калган. Сел аккан жайлоодон Сокулук райондук бөлүмү алдын алуу иштеринин жүргүзүп, 8 малчынын үй-бүлөлөрү (аялдары, балдары) көчүрүлдү. Сокулук-Шаркырытма унаа жолу жабылды.

«Сокулук суусунун нугунда суунун көлөмү болжол менен 20 куб метр суу агууда. Учурда сууну көзөмөлдөө уланууда жана күч каражаттары даярдыкта турат. Куткаруучулар атайын куткаруу унаасы менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө. Суунун боюндагы жашоочулар учурга жараша үйлөрүнөн алыс коопсуз жайларга чыгышууда. Чүй облусунун Жарандык коргонуу күчтөрү жана Сокулук районунун ӨКМнин куткаруучулары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Учурда куткаруучулар тарабынан бийик тоодо жайгашкан көлмөнүн абалын көзөмөлдөө үчүн Акпай бийик тоолуу көлүнө чыгып кетишкен.

Количество просмотров: 338