Күн мурун куткаруучулар жана Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Григорьевка капчыгайынын Суу-Ашуу ашуусундагы малчылардан кабар алып, азык-түлүк жеткиришти.
ӨКМден билдиришкендей, адистер нөшөрлүү жаандан улам Ак-Сай жайлоосунда сел агымы пайда болгонун эскертип, малчыларга коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Учурда малчылардын абалы жакшы, азык-түлүк жетиштүү.
Ал эми жаш балдар, аялдар жана эс алуучулар Чоң-Ак-Суу дарыясындагы 5-көпүрөнү суу алып кеткен күнү (2-июлда) дароо коопсуз жайга эвакуацияланган.
«Чоң-Ак-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, бузулган 5-көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн бүгүнтөн тарта атайын техникалар тартылып, жумуш башталат», — деп айтылат маалыматта.