Бишкек.23.04.2019.Govori.TV.
Өткөн дем алышта турак жай боюнча мэрдин орун басары Рыспек Сарпашов Эркиндик бульварындагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн аксакалдар менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы билдирди.
Жолугушууда жаашылдандыруу маселесин көтөрүп, оюн аянтчаларын, тротуарларды көрктөндүрүү жана башка маанилүү көйгөйлөр көтөрүлдү.
“Баардык айтылган көйгөйлөр жакынкы арады чечилет. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы каралбай калган жерге жаңы таш короолорун отургузуп, дарактарда чырмалган металл шакекчелерди алып, “Бишкек энергетика” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөргө жарык коюп, капиталдык ремонту ишке ашырат”,- деп билдиришти ведомстводон.
Мындан сырткары, иш чарада багбанчы Фетисов Алексей Михайловичтин эстелигин коюу маселеси дагы каралды. Жакында эстелик мэрдин орун басарынын атынан Эркиндик бульварында пайда болот.
Аксакалдардын айткан башкы көйгөйлөрүнүн бири Эркиндик бульварындагы оюн аянтчасынын башка жерге которуу маселеси болду. Алардын айтымында, бульварда ээрчишип жүргөн сүйүшкөндөр өсүп келе жаткан муунга терс үлгү берип жатышат. Бульвар Бишкек шаарынын тургундары үчүн тынч эс ала турган жер болуш керек жана жаш балдар сейил бакта ойнош керек. Оюн аянтчаларын атайын үйдүн алдына орнотулуш керек.
Оюн аянтчаларын башка жерге которуу боюнча маселеси ачык талкууга коюларын шаардык мэриясынан билдиришти.
Жакында эле Эркиндик бульварында “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан батут жоюлуп, ордуна газон коюлганын, жаңы көчөттөр отургузулганын баса белгилей кетүү керек.