• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

АКШ Бакиевдер уурдаган 4.5 млн$ды Кыргызстанга кайтарат

25 Бирдин айы 201915:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

АКШ Бакиевдер уурдаган 4.5 млн$ды Кыргызстанга кайтарат. Бул тууралуу келишимге АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Алиса Уэллстин Бишкектеги иш сапарынын алкагында кол коюлуусу күтүлүүдө.

Маалыматка ылайык, Алиса Уэллс Бишкек и Ташкентте 25-28-февралда иш сапарында болмокчу.

Бишкекте Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен АКШнын мамлекеттик катчысынынын жардамчысынын орун басары Алиса Уэллстин жолугушуусунда Бакиевдер уурдаган 4.5 млн$ды Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселелер талкууланат.

Алиса Уэллс өкмөт өкүлдөрү менен жолугушат. Жана Борбор Азиядагы Америка университетине барып студенттер жана окутуучулар менен кезикмекчи.

Количество просмотров: 17