• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ, Британия жана Австралия коргонуу альянсын түзүштү

16 Аяк оона 2021 16:48 Бишкек Govori.TV

Австралия, Улуу Британия жана АКШ коргонуу жана коопсуздук тармагында (AUUKUS) үч тараптуу жаңы өнөктөштүк түздү. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди.

«Бул демилге ар бирибиз үчүн тез өнүгүп жаткан коркунучтардан коргонуу жана каршы турууда өзүбүзгө керектүү болгон эң заманбап мүмкүнчүлүктөргө ээ болууга багытталган», — деп билдирди АКШнын президенти Жо Байден.

Австралия, Улуу Британия жана АКШ Кытайдын Индия-Тынч океан аймагындагы аскердик күчтөрүнүн көбөйүшүнө тынчсызданууда. Жаңы өнөктөштүк Бээжиндин аймактагы, өзгөчө талаштуу Түштүк-Кытай деңизиндеги таасирине, мындан тышкары Кытайдын аскердик жана технологиялык тармакты күчтөндүрүшүнө каршы аракеттенет.

AUUKUS өнөктөштүгүнүн алгачкы долбооруна ылайык, Австралия деңиз алдында сүзүүчү атомдук кемелер менен жабдылат. Муну менен Австралия Франция менен 66 миллиард долларга түзгөн келишиминен баш тартып, өнөктөштөрүнөн жардам алат.

«Бул чындап эле аркадан урулган сокку болду. Өнөктөштөр мындай кылбайт», — деп билдирди Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан.

2017-жылы Австралия суу алдында жүрө турган 12 кеме куруу үчүн франциялык Naval Group компаниясы менен 60 миллиард долларга келишим түзгөн.

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон өлкө америкалык «Томагавк» канаттуу ракеталарын сатып аларын кабарлады. Алар алыскы аралыкка сокку уруу үчүн Австралия аскердик-деңиз флотунун эсминецтеринде орнотулат.

AUUKUS өнөктөштүгүнүн алкагында үч мамлекет кибертехнология, жасалма интеллект жана квант технологиясы тармагында да кызматташат.

Количество просмотров: 122