• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ элчилиги орноткон аба монитору “Кыргызстандарт” тарабынан расмий катталды

16 Бештин айы 2019 17:43 Бишкек Govori.TV

28-октябрда Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) АКШ элчилигинде орнотулган аба сапатын текшерүүчү мониторду (AQM) Кыргыз Республикасынын Расмий ченемдөө каражаттарынын Мамлекеттик реестринде расмий каттоодон өткөрдү. Ырастоого ээ болгон соң, бардык мамлекеттик органдар, анын ичинде, Гидрометеорология боюнча мамлекеттик агенттик (Гидромет) менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук мамкелеттик агенттиги АКШ элчилигинин аба мониторуна рамий түрдө шилтеме берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташтыкта АКШ элчилиги, АКШнын курчап турган чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан жактырылган, аба сапатынын мониторингин жүргүзгөн AQM мониторду 2018-жылдын декабрында өз короосунда орноткон. Аталган демилге АКШнын чет өлкөлөрдөгү 30 дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, анын ичинде Борбор жана Түштүк Азияда, аба сапатынын мониторингин жүргүзүүдөгү америкалык жакшы натыйжалуу тажрыйбаны таркатууга багытталган аракеттердин алкагында ишке ашырылууда.

AQI жогорку тактыктагы маалыматты камсыздап, учурдагы элчилик айланасындагы аба сапатын көрсөтүп, Бишкектеги аба сапатына көз салууга багытталган тынымсыз аракеттерге өз салымын кошот. Монитор аба сапатынын (AQI) PM2,5 индексин АКШнын курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин рекомендацияларына жараша саат сайын кабарлап турат. Мисалы, PM2.5 үчүн AQI, жогорку деңгээли респираторлук стресске алып келген абаны булгоочу майда заттардын бөлүктөрүнүн топтолушун ченейт. Бишкектеги AQI тууралуу маалымат (Интернеттеги https://airnow.gov дареги аркылуу жалпыга жеткиликтүү) PM2,5 көрсөткүчү жогору маалдагы таасирин азайтууга жана аба сапатынын начарлыгынын ден-соолукка таасирин төмөндөтүү үчүн аба сапатынын деңгээлин түшүнүү үчүн пайдалуу каражат болуп эсептелет.

Элчиликтин аба сапатына бурган көңүлү АКШ элчилигинин Жашыл тобунун түзүлүшүнө алып келди. Ал таза экологиялык стандарттарды коомчулукта жана АКШ Миссиясынын имараттарында демилгелеп келет. Топ мүчөлөрү АКШ Миссиясынын кызматкерлерине алардын өз жашоосунда, курчаган айлана-чөйрөгө узак жана оң таасир этүүчү, анын ичинде таштандыларды кайра иштетүү же жер семирткичке айлантууга багытталган кадамдарды салууга үндөйт. АКШ элчилиги пластик, металл, айнек жана кагазды кайра иштетүүчү жергиликтүү компания менен кызматташып келет. Коомдук бакчалар, туруктуу айыл чарбасы тууралуу кабардар болуу үчүн элчиликтин бардык кызматкерлерине ачык. Программа, мектеп окуучуларын кабыл алып, жергиликтүү деңгээлде экологиялык лидерликти колдоого алуу агартуу компонентин өзүнө камтыйт.

Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте АКШ элчилиги бир катар экологиялык маселелер боюнча кызматташууну карап келүүдө, анын ичинде аба сапаты, жана Бишкектин айлана-чөйрөсүн коргоого багытталган жана башка демилгелер бар.

Количество просмотров: 55