• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

АКШ эмне үчүн Шадиевди Кыргызстанга кайтарып бербей жатканын айтты

17 Жалган куран 2021 14:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде АКШ Кыргызстандагы айрым коррупциялык иштерге тиешелүү жарандарга карата кош стандарттуу саясат жүргүзүүдө деп сындаган.

Бул боюнча АКШнын Кыргызстандагы элчисинин басма сөз катчысы Нолэн Жонсон «24.kg» басылмасына комментарий берип, АКШ бийлиги Кыргызстандын укук коргоо органдары менен кызматташууга дайыма кызыкдар экенин билдирди.

«Биз кримтөбөл Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдун коррупциялык иштеринин бети толугу менен ачылышы керек деген пикирди карманабыз. Буга далил катары Көлбаевдин кылмыштуу тобу тууралуу маалыматка 5 млн доллар сый акы жарыялаганыбызды жана Матраимовду «Магнитискийдин» тизмесине киргизгенибизди айтсак болот. Элчи Дональд Лу 9-февралда Кыргызстандын ТИМи, Башкы прокуратурасы жана УКМК өкүлү менен бул иштер боюнча 9-февралда онлайн жолугушуу өткөргөн. Учурда биз кыргыз тараптан бул иштерди улантуу үчүн жооп күтүп жатабыз», — деп билдирген.

Нолэн Жонсон ошондой эле экономикалык кылмыштарга шектүү делген мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди АКШ тарап эмне үчүн Кыргызстанга кайтарбай жатканын түшүндүрдү. Анын айтымында, АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышка шектүүлөрдү экстрадициялоо боюнча келишимдин өзү түзүлгөн эмес.

«1-мартта элчи Дональд Лу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен Шадиев маселесин талкуулаган. АКШ тарап Кыргызстанга тиешелүү делген активдер жана айрым физикалык жактар боюнча да Кыргызстан менен мыйзам чегинде кызматташууга даяр. Биздин кызыкдар экенибизди ырастаган дагы бир мисал, 2019-жылы АКШ Максим Бакиевдин коррупциялык жол менен чыгарып кеткен 4,5 млн долларын Кыргызстанга кайтарып берген», — деп кошумчалаган элчиликтин өкүлү.

Количество просмотров: 4790