• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

АКШ грин-карталарды кайра текшерет

28 Жетинин айы 202514:24 Бишкек Govori.TV

Трамптын администрациясы 19 өлкөдөн АКШга көчүп келген адамдарга мурда берилген грин-карталарды кайрадан карап чыга турганын билдирди. Бул тууралуу «BBC News» жазды.

Бул чечим Ак үйдүн жанында Улуттук гвардиянын аскерлерине жасалган куралдуу кол салуудан кийин кабыл алынды.

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматынын (USCIS) башчысы Жозеф Эдлоу президент ага «кооптонууну жараткан өлкөлөрдөн келген ар бир чет өлкөлүктүн грин-картасын толук жана кылдат кайра текшерүүнү» тапшырганын айтты.

Количество просмотров: 80