• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

АКШ Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 66 млн сом бөлдү

20 Жалган куран 2020 17:46 Бишкек Govori.TV

АКШ өкмөтү, АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу 66 миллиондон ашык сом (913 миң АКШ доллары) бөлүп берди.

Каражаттар Кыргызстанда коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталат. Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул приоритеттик багыттар жана ага тиешелүү иш-чаралар кыргыз өкмөтү аныктады.

Бул каражат үч уюм аркылуу берилет. Алардын биринчиси Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Ал коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылуу, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялоо боюнча иштейт.

Экинчи уюм — Abt Associates ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо” долбоору. Бул уюм инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо, бул долбоордун алкагында ооруну контролдоого зарыл болго кошумча медикалык жабдык сатып алынат.

Үчүнчү уюм — Кызыл ай жана кызыл крест коомдорунун федерациясы (Кызыл ай коому). Ал элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, коомчулуктардын даярдыгын күчөтүү жана вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат.

Мындан тышкары, 11-мартта USAID Кыргызстандын медикалык жана башка кызматкерлери үчүн атайын коргонуу жабдыктарын өткөрүп берди. Алардын арасында 10 миң хирургиялык маска, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек бар. КР Мамлекеттик санитардык жана эпидемиялогиялык кызматы бул жабдык менен COVID-19 вирусун аныктап жана ага каршы күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлерди камсыз кылып жатат.

Булак: elgezit.kg

Количество просмотров: 263