• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

АКШ Кыргызстанга жардам катары майдаланып тытылган 10000 долларын бөлүп берди

28 Аяк оона 2018 17:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.09.2018. Govori.TV.

АКШ элчилиги жана ЕККУ Кыргыз Республикасында нак акча аткезчилиги менен күрөшүнө багытталган көмөгүн көрсөттү. Бул тууралуу АКШ Элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

26-сентябрда, Бишкектеги АКШ элчисинин орун басары Брайан Стиммлер мырза Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын окутуу борборунун аземине катышып, көп тараптуу коопсуздук боюнча окутуу демилгесине АКШ тарабынан көрсөтүлгөн колдоосун белгилеп өттү.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) аркылуу ишке ашырылган программа Кыргыз Республикасынын кириш пункттарында жана чек-араны кесип өткөндө жарыяланбаган акча каражаттарын аныктоодо бажы органдарынын кызматкерлеринин жөндөмүн арттырат. Аталган демилгени колдоо максатында АКШ элчилиги бажы кызматынын кинология бөлүмүнүн окутуу программасына донордук жардам катары майдаланып тытылган 10000 АКШ долларын бөлүп берген.

«Акыркы 25 жылдан ашуун убакытта АКШ өзүнүн Кыргыз Республикасынын туруктуу, тынч жана демократиялык мамлекет катары өнүгүшүндөгү ийгилиги деп билинген жалгыз жана чоң максатын көздөп, колдоо катары 2 миллиард долларды сарптады» деп элчинин орун басары Стиммлер белгиледи.

Элчинин орун басары Стиммлер, Кыргыз Республикасы коопсуздук коркунучтарга туруштук берүү, өзүнүн чек-арасын коргоо жана натыйжалуу укук коргоону камсыз кылууну күчөтүү үчүн мындан ары коопсуздук маселелери боюнча эки тараптуу кызматташтыгынын бекемдешин каалап өттү. Салтанаттуу аземден кийин, элчинин орун басары Стиммлер АКШ өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 2 млн. доллардан ашуун донордук жардамга сатып алынган окуу жабдуулары менен камсыздалган окутуу борборун кыдырып чыкты.

Количество просмотров: 22