• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

АКШ Орусия менен ракеталарды колдонбоо тууралуу келишимин үзөт

20 Тогуздун айы 2018 13:51 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.10.2018.Govori.TV.
Вашингтон Кичи жана орточо аралыктагы ракеталарды колдонбоо тууралуу келишимди үзөрүн Москвага жакын арада кабарлайт.
Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары Дональд Трамптын администрациясындагы булактарга таянып жазып чыгышты.
Аталган келишимге Михаил Горбачев жана Рональд Рейган 1987-жылы кол коюшкан. Маалыматка ылайык Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бул тууралуу Владимир Путинге Москвадагы жолугушуу учурунда кийинки жумада кабарлайт.
АКШ буга Орусиянын келишимде макулдашылган шарттарды бузганы себеп болууда деп билдирүүдө. Алардын айтымында Орусия Европада кичи аралыкта учкан өзөктүк жардыргычтарды ташый ала турган ракеталарын жайгаштыра баштаган.
Эки жума мурда АКШнын коргоо министри Жим Мэттис НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери менен жолугуп жатып, эгер Орусия мындай иш-аракеттерин токтотпосо, Вашингтон орусиялык ракеталарга каршы чараларды көрө турганын билдирген.
Количество просмотров: 34