• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШ Сенаты Байдендин 3,5 триллион долларлык планын бекитти

12 Баш оона 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

Кошмо Штаттарынын Сенаты жакырчылык менен күрөшүүгө жана айлана чөйрөнү коргоого багытталган 3,5 триллион долларга барабар бюджеттик пландын резолюциясын кабыл алды.

Бул документти Сенаттагы демократтар гана колдоп, республикачылар аны четке какты. “Макул” жана “каршы” добуштардын саны 50/49 болду. Сенатта эки партиянын өкүлдөрү тең болгону менен, бирок чечүүчү добуш вице-президент Камале Харристин аркасы менен дайыма демократтарда болот.

План жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө 3 триллион доллар бөлүүнү караган Жо Байдендин программасынын бир бөлүгүн ишке ашырууга багытталган. Азыр демократтар мыйзам долбоордун өзүн эмес, анын бюджеттик резолюциясын колдоп, бекитти.

Резолюция болочок мыйзам долбоорун процедуралык тоскоолдуктар аркылуу өткөрбөй коюудан коргоону көздөйт.

Ал эми теориялык жактан мыйзамды алып өтүү үчүн демократтар кеминде 10 республикачыны колдогон добуш берүүгө ынандырса, анда бул бюджеттик резолюцияны бекитүүнүн мааниси жок болмок. Иш жүзүндө андай тобокелчилик оор болгондуктан, Демократиялык партияга ушундай резолюция аркылуу мыйзам долбоорун алып өтүүгө жол ачылды.

Бюджет комитетинин башчысы Берни Сандерс демилгени калктын мамлекетке ишенимин калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү деп атады. Республикачылар болсо, тескерисинче, муну «акчаны орунсуз коротууга, инфляцияга жана жатып ичерликке багытталган экономикалык саясатка алып барат» деп сынга алышты.

Жакырчылык менен күрөшүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган 3,5 триллион доллар алдыдагы 10 жылдык чыгымдарга жумшалат. Долбоорду каржылоо ири ишкердиктин салыктарын жогорулатуунун эсебинен жүрөт. Анын жаңылыгы экологияга зыяндуу көмүртектүү отунду (күйүүчү-майлоочу майлар) импорттоого салык киргизилет.

Количество просмотров: 166