• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

АКШ Түркияга каршы санкция киргизди

15 Тогуздун айы 2019 9:52 Бишкек Govori.TV

АКШ түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия түндүгүндөгү операциясына байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды киргизди.

Президент Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Каржы министрлиги Сириянын түндүгүндөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузууга тиешеси бар Түркиянын каалаган мамлекеттик мекемесине санкция салууга укук алды.

Санкциялар Түркиянын Энергетика, Коргоо жана Ички иштер министрликтерине каршы киргизилди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун белгилешинче, Түркиянын өткөн жумада башталган сириялык күрддөргө каршы операциясы терроризмге каршы күрөш боюнча аракеттерди жок кылып, жай тургундардын өмүрүнө жана жалпы аймактагы туруктуулукка коркунуп жаратууда.

Сириянын түндүгүндөгү америкалык аскерлерди чыгарып кетүү чечими тууралуу «Твиттердеги» баракчасына жазган Трамп Кошмо Штаттар бул өлкөдөгү өз маселелерин чечкенин жана сириялыктарды түрктөрдөн коргоо ниети жок экенин билдирди.

Түркия Сириянын куралдуу оппозициясынын катышуусунда башталган бул операциянын максаты — чек арасын террорчулардан тазалоо экенин билдирүүдө.

Дүйшөмбү күнү сириялык күрддөрдүн жетекчиси менен Дамаск келишим түзгөн. Ага ылайык, Сириянын өкмөттүк күчтөрү күрддөрдү Түркиянын чабуулунан коргоо үчүн бир катар шаарларда жайгашмай болгон. Күрд өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ Сириядагы аскерлерин чыгарып кетүүнү чечкендиктен, алар расмий Дамаскка ушундай өтүнүч менен кайрылууга аргасыз болушкан

Количество просмотров: 125