• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

АКШ Тажикстандын Коргоо министрлигине 20 жолтандабас унаасын берди

6 Тогуздун айы 2021 13:50 Бишкек Govori.TV

АКШ Тажикстандын чек араларын бекемдөөгө жардам көрсөтүүнүн алкагында өлкөнүн Коргоо министрлигине 20 жолтандабас унаасын берди.

АКШнын Душанбедеги элчилиги билдиргендей, жалпы баасы 1,3 миллион долларды түзгөн унаалар Коргоо министрлигинин кызматкерлерине тоолуу чек ара аймактарында түрдүү операцияларды жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында берилди.

5-октябрда жолтандабастарды өткөрүп берүү иш-чарасына АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм менен Тажикстандын коргоо министринин орун басары Хусрав Бобозода катышты.

«Бул кайтарымсыз жардам Тажикстандын чек араларын коргоо үчүн берилип жаткан колдоонун бир мисалы болуп эсептелет. Чек ара коопсуздугу боюнча кызматташтыгы үчүн Тажикстанга ыраазыбыз жана биргелешкен жетишкендиктер менен сыймыктанабыз. Биз терроризмге, баңгизат соодасына жана өзөктүк куралдын жайылуусуна каршы күрөштө өнөктөш бойдон калуудабыз», — деди АКШ элчиси.

1992-жылдан бери АКШ Тажикстанга жалпысынан 330 миллион долларга бааланган аскердик жардам көрсөткөн. Бул жардамдардын алкагында Тажикстандын күч түзүмдөрүнө 10,5 миллион долларлык 368 транспорт каражаты берилген.

Количество просмотров: 621