• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКШ: Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмойунча соккулар уланат

14 Чын куран 2018 13:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.04.2018.Govori.TV.
АКШ, Улуу Британия менен Франция Вашингтон убактысы боюнча 21.00де (Бишкек убактысы менен 7:00дө) Сирияны аткылай баштады. Бул туурасында АКШнын штаб начальниктеринин комитетинин бирикмесинин төрагасы Жозеф Данфорд брифингде билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп химиялык курал үчүн колдонулган өкмөттүк мекемелерге сокку уруу тууралуу буйрук бергенин жарыялады. Анын айтымында, Франция, Британия менен биргеликте башталган бул соккулар Сирия химиялык курал пайдаланууну токтотмойунча уланат.
Бул тууралуу Трамп 13-апрелде элге кайрылуусунда билдирип, Орусия менен Иранды Асаддын «мыкаачы жана коркунучтуу» режимин колдоону токтотууга чакырды.
«Өткөн жумада Асаддын режими күнөөсүз адамдарды өлтүрүү үчүн кайрадан химиялык куралды Дума шаарында колдонду….Цивилдүү, өнүккөн мамлекеттер химиялык куралды токтотуу максатында бүгүн бириктик», — деп айткан Трамп телеканалар аркылуу элге кайрылуусунда.
АКШ президенти Сириянын өзү болжолдоп жаткан химиялык куралдар боюнча аракеттерине каршы чараларды көрүүгө убада берди.
Сирияда Чыгыш Гута аймагынын козголоңчулар колундагы Дума шаарчасында 7-апрелде хлор газы колдонулду делген чабуулдан кеминде 43 кишинин өмүрү кыйылган.
Дамаск менен Москва Дума аймагында химиялык чабуул болбогонун айтып жатат.
Ал эми Россиянын ТИМи сириялык аскер күчтөрдүн ууландыруучу заттарды колдонду деген маалымат — террорчуларды калкалоо жана сырттан жасалуучу чабуулдарды актоо аракети деген.
Россиянын Генералдык штабы 13-март күнү эле террорчулар Сириянын Чыгыш Гутасында чагымчылдык кылып, химиялык чабуул боюнча жасалма фактыларды даярдап жатканын айткан.
Количество просмотров: 44