• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

АКШда бороондон каза болгондор 100 кишиге жетти

13 Бештин айы 2021 8:45 Бишкек Govori.TV

Кентукки штатындагы бороон кеминде 100 кишинин өмүрүн алды. Губернатор Энди Бешир бул бороон штаттын тарыхындагы эң ири кырсык болуп калганын белгиледи.

Баарынан көп Грейвс округу жана анын административдик борбору эсептелген Мейфилд шаары жабыркаган. Бороон шам заводунун чатырын, юстиция сарайынын мунарасын жана анын жанындагы түрмөнүн имаратын талкалаган.

Жергиликтүү бийлик Кентуккиде өзгөчө абал жарыялады. Мындан тышкары Теннесси штатында үч киши, Арканзас штатында бир киши каза болгону кабарланды.

Количество просмотров: 272