• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

АКШда иштелип чыккан «Pfizer» вакцинасы Бишкекке жөнөтүлдү

12 Үчтүн айы 2021 13:11 Бишкек Govori.TV

Эл аралык COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга коронавируска каршы сегиз түрдүү вакцина сунушталды. Анын биринчиси — АКШда иштелип чыккан «Pfizer» дарысы Бишкекке жөнөтүлгөнүн саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев 12-январда билдирди.

Эми кыргызстандык адистер препараттарды колдонуу эрежелерине ылайык эмдөөнүн жолдорун талдап чыгышат.

««Pfizer» вакцинасы -70 градус режимде сакталышы керек. Бизде мындай шарт түзүлгөн эмес. Биз колдонулуп жүргөн эмдөө препараттардын баары баары +2…+4 режиминде сактала турган дары-дармектер болгон», — деди Үсөнбаев.

Ушундан улам Кыргызстан башка вакциналардын түрлөрүн да алар келгенде карап чыгып, өлкөдөгү шарттарга ылайыгын тандайт.

АКШ жана Европа Биримдигинин (ЕБ) курамындагы өлкөлөр калкты «Pfizer» жана «BioNTech» компанияларынын вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө иш-аракетин 2020-жылдын соңунда баштаган. Орусия өзү чыгарган «Спутник V» вакцинасын, Кытай да өз вакцинасын колдоно баштаган.

Количество просмотров: 84