• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

АКШда мектептеги ок атуудан алты киши, анын ичинде үч окуучу каза болду

28 Жалган куран 2023 8:58 Бишкек Govori.TV

27-мартта АКШнын Теннеси штатында жайгашкан Нэшвилл шаарындагы жеке христиан мектебинде ок атылып, алты киши, анын ичинде үч окуучу каза болду.

Маалыматка караганда, ок чыгарган жаран колго түшүрүү маалында атып өлтүрүлдү. Полиция мектепке Нэшвиллде жашаган 28 жаштагы аял кол салганын кабарлады. Мекеменин билдирүүсүндө анын аты-жөнү айтылган эмес.

Нэшвиллдин мэри Жон Купер каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ага АКШнын биринчи айымы Жилл Байден тилектештигин билдирди.

Аталган христиан мектебинде бала бакчадан 6-класска чейин 200гө жакын бала окуп, 33 мугалим иштейт.

Количество просмотров: 219