• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

АКШда ооруканадагы ок атуудан 4 киши каза болду

2 Кулжа 2022 19:59 Бишкек Govori.TV

АКШнын Талса шаарындагы (Оклахома штаты) ооруканада куралдуу адам ок чыгарып, төрт киши каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Шаардык полиция департаментинин маалыматына караганда, ок чыгарган адам да каза болду.

«Кол салган адам өлгөнүн ырастайбыз, ал өзүнө-өзү келтирген жарааттан улам көз жумган болушу мүмкүн. Азыр полиция кызматкерлери кошумча коркунучтардын бар-жогун аныктоо үчүн ар бир бөлмөнү текшерип жатышат», – деп жазылган департаменттин «Твиттердеги» билдирүүсүндө.

«Азырынча ок чыгарган адамдын тек-жайын так аныктай элекпиз. Ал болжол менен 35-40 жаштардагы эркек. Анын жанынан винтовка жана тапанча табылды», – деди полициянын өкүлү Эрик Далглиш.

Полиция азырынча анын эмне себептен мындай кадамга барганын кабарлаган жок.

KJRH телеканалынын маалыматына караганда, ок атуу шаардагы Ыйык Франциск ооруканасынын корпустарынын биринде жергиликтүү убакыт боюнча 17:00дө болгон. Бул окуя тууралуу маалымат түшөрү менен полиция кызматкерлери 3-4 мүнөттүн ичинде жетип барышкан.

Количество просмотров: 261